Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери

Sputnik Кыргызстан агенттиги президент менен премьер-министрге кандай адамдар кеңеш берерине жана алар буга чейин кайсы кызматтарда иштегенине кызыгып көрдү.

«Вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы — эр жакшы» дегендей, бийлик башчыларынын көп жумушу алардын кеңешчилеринен көз каранды эмеспи. Кеңешчилер адатта эл көзүнөн оолак болот, көрүнбөйт, көмүскөдө. Анткен менен өлкөнү башкарууга тымызын таасири бир топ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги президент менен премьер-министрге кандай адамдар акыл айтарына жана алар буга чейин кайсы кызматтарда иштегенине кызыгып көрдү.

Ушу тапта өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун да, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да үчтөн кеңешчиси бар.

Президенттин кеңешчилери

Муратбек Шайымкулов 

Назначенный советником президента Кыргызстана Муратбек Шайымкулов Муратбек Шайымкулов 58 жашта

Муратбек Шайымкулов 58 жашта. Президенттин кеңешчиси болуп 2017-жылдын 27-ноябрында дайындалган. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн.

Шайымкулов Москва мамлекеттик университетин жана АКШнын Вашингтон шаарындагы Экономикалык өнүгүү институтунан прикладдык математика, базар экономикасынын негиздери адистиги боюнча билим алган. Физика-математика илимдеринин кандидаты.Эмгек жолун Москва мамлекеттик университетинде аспирант болуп баштап, саясатка 2000-жылдары келген. Жогорку Кеңеш, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын кеңешчиси болгон. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болгон. Ал учурда парламентти Асылбек Жээнбеков башкарчу.

2016-жылы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштеп, президенттик шайлоодон кийин өлкө башчынын акыл айтаар кишиси болуп калган.

Айбек Азыранкулов 

Айбек Азыранкулов Айбек Азыранкулов 40 жашта

Айбек Азыранкулов 40 жашта. Президентке кеңешчи болуп 2018-жылдын апрель айында келген. Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдовар айылында туулган. Билими боюнча психолог. Бишкек гуманитардык университетинин психолог-практик адистигин аяктаган.

2009-жылы ЖК депутаты, 2010-жылы апрель окуясынын кийин Чүй облусунун губернатору болуп дайындалган. Үч жыл иштегенден кийин эмгек, миграция жана жаштар министри болгон. Ачык булактарга таянсак, Азыранкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы.

Дастан Догоев

Советник президента КР на общественных началах Дастан Догоев Президенттин кеңешчилеринин эң жашы Дастан Догоев 33 жашта

Президенттин кеңешчилеринин эң жашы Дастан Догоев 33 жашта. Өлкө башчынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.Догоев Лондон Кавендиш колледжинде бизнести башкаруу жана Кингстон университетинин бизнести башкаруу адистигинин бакалавр бөлүмүн бүтүргөн. Президенттин кеңешчиси болуп иштегенге чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарчу.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчилери

Бакыт Калмуратов 

Советник Премьер-министра Кыргызской Республики Бакыт Калмуратов Бакыт Калмуратов 32 жашта

Бакыт Калмуратов 32 жашта. Өкмөттө камсыздоо бөлүмүн жетектейт. Өкмөт башчынын кеңешчиси болуп 2018-жылдын март айында дайындалган. Калмуратов Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн. Эл аралык университеттин экономика жана бизнес мектебинин менеджмент бөлүмүн аяктаган. Андан соң Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын муниципалдык башкаруу факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Соцфонддо пенсия дайындоо бөлүмүндө аткаруу адиси болуп баштап, 2017-жылга чейин аталган фонддо ар кандай кызматтарды аркалап келген. 2017-жылы биринчи вице-премьердин (Абылгазиев) кеңешчиси, 2018-жылдын март айынан апрель айына чейин президенттин аппарат жетекчисинин (Абылгазиев) жардамчысы болуп иштеп, 2018-жылы өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалган. Эки кыздын атасы.

Азамат Мукашев 

Фермер из Иссык-Куля Азамат Мукашев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан Азамат Мукашев 64 жашта

Азамат Мукашев 64 жашта. Премьер-министрдин айыл чарба өндүрүш комплекси жана экология маселелери боюнча кеңешчиси. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган. Андан соң Украинадагы бүткүл дүйнөлүк генетикалык-селекциондук институттун аспирантура бөлүмүн бүтүргөн. Ошондой эле Эл аралык университеттин экономика жана бизнес факультетинде магистратурада билим алган. Аймактарда айыл чарба, экономиканы өнүктүрүү боюнча эксперт, айыл чарба өндүрүш тармагында аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор менен иштеген.

Эдуард Турдалиев 

Заместитель руководителя аппарата правительства КР Эдуард Турдалиев Эдуард Турдалиев 37 жашта

Эдуард Турдалиев 37 жашта. Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.

КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча Microsoft компаниясында консалтинг жана техникалык колдоо жетекчилер кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. Мындан тышкары, санарип технологиясы боюнча ар кандай эл аралык уюмдарда кызмат өтөгөн. Мамлекеттик кызматка 2018-жылдын башында өкмөттү Сапар Исаков башкарып турган убакта келип, премьер-министрдин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси.Эске салсак, буга чейинки премьер-министр Сапар Исаковдун 11 кеңешчиси бар болчу.

Булак: Спутник 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу