Президентке караштуу комиссия Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты

Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү эк-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Жумалиев билдирди.

Ал мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрдү.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Айрым юристтер болсо «Текебаев ырайым сурап президентке өзү кайрылышы керек» деген пикирин айтышкан. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева маселе президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген болчу.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Кийин Маевский өзү Орусияда «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу