Президентке жолугуу үчүн Оштон эки аял жөө келатат…

Өлкө башчысына жолугуу үчүн Ак үй тарапты көздөй Ош шаарынан жөө жөнөгөн 2 аял Жалал-Абаддын Ноокен районуна жетишти.

Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын билдирген.

“Биз көп баскандыктан буттарыбыз ооруп калды. Түнөө маселеси да ар кандай болуп жатат. Биринчи күнү Өзгөндөгү мечитте түнөдүк. Эми жергиликтүү бийлик маселеңерди чечип беребиз, артка кайткыла деп тоскоол болуп жатат,” — дешкен алардын бири Гүлнара Мырзакаримова аймактык журналисттерге.

Ошондой эле президентке жолугуу үчүн Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыккан аялдар баса берип буттары шишип, эзилип кеткендигин бут кийимин, байпагын чечип журналисттерге көрсөтүшүп, “Бизди жергиликтүү бийлик максатына жетпейт деп ойлошту окшойт, эмне болсо да Бишкекке барабыз. Өздөрү бир километр басып көрүшсүнчү…”,- деп ыйламсырашты.

Алар 8-апрель күнү Ош шаарынын Бишкекке жөө жөнөшкөн. Эки күн ичинде 112 км. жол жүрүшкөн.

Булак: Kyrgyz.News

Аргумент.kg
Жооп калтыруу