ПАМИРЛИК МЕКЕНДЕШТЕР КӨЧҮП КЕЛЕ ЖАТЫШАТ

Афганистандын Улуу Памирине барган кыргыз өкмөтүнүн делегациясы ал жакта жашаган кыргыздардан 33 адамды алып келди. Алардын ичинде үч үй-бүлө бар, көпчүлүгү балдар, бир кош бойлуу келин бар.

Улуу Памирдеги мекендештерибизди алып чыгууда  бир топ кыйынчылык  коштолгон.

Афганистандын өкмөтүнө баш ийбеген жергиликтүү күчтөр кыргыздарды алып кетүүгө тоскоолдук кылышты.

Маалымдалгандай аларды эч жакка токтотпой  дароо эле Нарын областына алып барышат.

Пландалгандай, Памирден келген  этникалык кыргыздар  жергиликтүү ооруканаларда медициналык кароодон өтөт. Андан соң аларды  облустун райондору арасында бөлүштүрүү жана жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Памирде кыргыздар деңиз деңгээлинен  4 миң метр бийиктикте жашагандыктан, аларга ылайыктуу деп Нарын облусу табылды.

Белгилей кетсек, апреь-май айларында эле Памирдеги кыргыздарды өкмөт Нарын облусуна көчүрүп келери тууралуу айтылган. Кийинчерээк бул иш сентябрга жылдырылганы кабарланган болчу.

Эске салсак, эгерде 2008-жылы алардын саны эки миңдин айланасында болсо, азыркы учурда 700-800 болуп калганы айтылууда.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу