Пакеттеги сүт боорго зыянбы?

Полиэтилен же болбосо пластмасса пакеттеги сүттөр ден-соолукка зыяндуу болушу мүмкүн. Мындай каптама уулуу заттарды бөлүп чыгарат.

Алар сүт аркылуу организмге кирет. Бул боор менен эндокриндүү системага кооптуу. Окумуштуулар полиэтилен пакеттер менен бөтөлкөлөрдөгү сүттөрдөн 25 жолу сынап көрүп, аларда фталаттар бар экенин аныктаган. Кийин окумуштуулар организмге күн сайын кирген фталаттардын көлөмүн изилдешкен. Эксперттер фталаттар майлуу сүттө көп болорун аныкташкан.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу