Пайдалуу кеңеш: Бал кошулган маскалар бет терисин жашартат…

Косметолог Асель Алымбаева Bilesinbi.kg сайтына балдын жагымдуу касиеттери тууралуу айтып берди. Андагы пайдалуу элементтер беттин терисин жашартып, сергитип, сулуулугуңузду арттырат

Бал

Бул – микроэлементтерден, витаминдерден, протеиндерден жана глюказадан турган табигый жана органикалык каражат. Бал менен дарылоо – апитерапия деп аталат.

Пайдалуу жактары

Бал адамдын иммунитетин көтөрөт, тамак ашты сиңирүүчү жана кандын айлануусун жакшыртуучу касиетке ээ. Демек, теринин жалпы абалына да оң таасирин тийгизет.

Эскертүү

Бул мүнөздөмө таза балга гана тиешелүү. Шаардан жана жол жээктен алыс жерде чогултулган бал таза бал деп эсептелинет.

Бал кошулган маскалар

Кургак тери үчүн

  • 30 мл бал;
  • 1 жумуртканын сарысы.

Жакшылап аралаштырып, бетке текши сүйкөгүлө. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салгыла.

Таасири: терини сергитет, жылмакай кылып, беттин өңүн жакшыртат.

Майлуу тери үчүн

  • 5 мл бал;
  • аспирин 2-3 таблетка;
  • 5 мл жылуу суу.

Жылуу сууга аспиринди эзип алабыз, балды кошобуз. Бардыгын жакшылап аралаштырып, бетке сүйкөйбүз. Өзгөчө, кара чекиттер жана угрилер бар аймактарды. 15-20 мүнөттөн кийин жууп салабыз.

Таасири: бул маска сезгенүүнүн алдын алып, теридеги майда тешиктерди (поры) кичирейтип, майланышкан бетти кургатат.

Аралаш (комбинированный) тери үчүн

  • 10 мл суюк бал;
  • лимондун ½ ширеси;
  • 5 мл зыгыр же зайтун майы.

Бардыгын жакшылап аралаштырып, 15-20 мүнөткө бетибизге сүйкөйбүз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

Таасири: бул маска терини нымдандырып, лимон ширесинин эсебинен агартат жана сергитет. Өңүңөрдү жандандырат.

Балга аллергиясы бар адамдарга жогоруда айтылган маскаларды колдонууга болбойт.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу