Осмоновдун кызы каякты мээлеп жатат?

Салымбековдордун даңазасы ааламды кучагына бизнеси аркылуу сиңирип алганы качан? “Дордой” деген асман чапчыган пирамиданы куруп алышкандар жер менен баспай калышты го деген кептер деле эл ичинде айтылып калат. Бирок, теңиртоолуктардын көбү булардын жасаган аракетине анчалык муюбай турушканын эчен ирет жар салышкан. Чынында эле Нарын тарапка бир көпүрө салбаганы үчүн ичтери анчалык элжиребей турган шекилди. Анын үстүнө эсеп-чотту кагып жашап калган Аскар мырза бейчеки каражатты коротпойт. Өзүнө гана пайда алып келген курулуштарга, базарларга, тойканаларга гана акчасын жумшаганга көнүп калган жайы бар. Маселен, атайын ачылган эсепке деле бир сом салганын уга элекпиз.

Баса, ушул манаптар тобуна дагы бир чыгаан келиндин башы кошулганы боюнча жакында билдик. Көрсө кезинде кадимки Жогорку соттун төрагасы болгон, мандат алып депутаттык креслодо отурган Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Салымбековдорго келин болуптур. Дымагына май токоч бышырган бул келинди жакындан бери дагы бир “азамат” делип дүңгүрөгөн Сагынбек Абдракмановдун жанынан көрүп калчу болдук. Булар “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен чогуу-чаран баратышканын Нурзат өтө сыймыктануу менен коомчулукка чыгарды. Чамасы Сагынбектин эрдигине жетине албай кошулса керек. Даяр “Эмгек” деген партияны тикелебейсиңби дешке туура келип жатат. Бирок, жерге өбөктөп жатып калган араң жан партияны жандандырууга көзү жетпегени үчүн башкасына жүгүрүп жатканы айдан ачык байкалып калбадыбы? Анан калса Салымбековдорго келин боло электе эле Нурзат боорун көтөрүп алганы боюнча кабарды уктук го? Демек, ал өзүнүн салган чыйыры менен кетери маалым болуп калды окшшойт. Колунан келсе элге көрүнө берсин да, туурабы? Ага эмнеге ичи тардык кылмак элек? Капчыгы калың, эрки күчтүү келинди эми кимиси ымдап партиясына чакырып алар экен? Андайлар боо-боо болуп кетишпес бекен, чиркин! Лидерлердин баары эле акчалуу талапкерге башкача карайт эмеспи…

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу