Окумуштуулар узак жашоонун сырын айтышты…

Досторубуз жана туугандарыбыз менен бат-баттан жолугушуу карылык процессти азайтып, өмүрүбүздү узартат экен. Мындай жыйынтыкка Лондон университетинин окумуштуулары келген.

Изилдөө төрт жыл жүргүзүлгөн. Ага 50 жаштан жогору 7304 эркек жана аялдар катышкан. Алардын ичинде туугандары жана достору менен байма-бай катташып турган, өзүнүн сүйгөн иши менен алек болгон адамдардын ден соолугу бекем көрсөткүчтү көрсөткөн.

Тагыраак айтканда, 73,1 пайыз өздөрүн жакшы сезген адамдар жумасына жок дегенде бир ирет достору менен жолугуп турган. Ошондой эле алар коомдо активдүү жаран катары иш алып барып, спорт менен машыгып жана кино, музейлерге тынбай барып тургандыгы айтылат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу