Нооруздан кийин Жолдубаева менен Исраилов кызматтан кетеби?..

Коомчулук президенттин коррупция менен күрөшөм дегенин, күч структураларында коррупционерлер толуп алган дегенин колдоп, качан күч структураларынын жетекчилери кызматтан алынат деп күтүп эле олтурат. Фарид Ниязовдун кызматтан кетиши, Жээнбеков өзүнүн командасын түптөй баштаганынан кабар берди.

Кийинки кезек Башкы прокуратура менен ИИМге келгени, Жолдубаева жана Исраилов Нооруз майрамы өткөндөн соң кызматтан куула турганы белгилүү болуп калды. Жолдубаева башкы прокурор болгону коррупция менен кандай күрөшүп жатканын өзү эле билбесе, коомчулук кайсыл коррупционерди кармаганын, канча акчаны мамлекеттин казынасына кустурганын деле билбейт.

Улан Исраилов ИИМге министр болуп келгени министрлик интригага малынып эле калды. Милицияны реформалайм дегени куру сөз болуп чыкты. Жаңы президент жаңыча иштейм деген соң жаңы адамдарды алып келиши керек да.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу