Нигерияда шайлоо күнү бир нече жарылуу болду

Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штатында (Майдугури шаары) президенттик шайлоо учурунда бир нече жарылуу катталганын ишемби күнү маалымат каражаттары жазды. Маалыматка караганда, жарылуу бүгүн эртең менен шайлоо бекети ачыла электе катталган. Каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Нигерияда жалпысынан 120 миң шайлоо бекети ачылды. Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, мамлекет башчысын шайлоого өлкөнүн 84 млн. жашоочусу добуш берет. Президенттик кызматка Нигериянын азыркы лидери Мухаммаду Бухари (экинчи мөөнөткө) жана мурдагы вице-президент Атику Абубакар ат салышууда.

Нигерияда президенттик шайлоо өткөн жумада өтүшү керек болчу. Бирок анын датасы шайлоо комиссиясынын чечими менен бүгүнкүгө жылдырылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу