Назира Айтбекова: «Акыркы жолу качан шоппинг кылганым эсимде жок…»

Алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына “жөн эле ойлор” деген хэштег менен жан дүйнөсүндөгү ойлорду бөлүшүп келет.Бул ирет да ал кызыктуу оюн бөлүштү.

“Жан дүйнөм жөнөкөйлүккө ыктап турат көптөн бери. Шиш така, көйнөк, косметика көргүм жок. Жөн эле жөнөкөй нерселерге суктанып, шыктанып жашагым келип атат. Асмандабай, жер менен басып.Көз карашым өзгөрдү көп нерсеге. Баалуулуктар өзгөрдү. Мен үчүн модага ден соолук, билим, адамгерчилик айланды. Акыркы жолу шоппинг кылганым эсимде жок. Минимализм келди жашоого. Оокатта, көйнөктө, боекто минимализм. Эл эмне дейт коркунучу жоюлду. Терс эмоциялар азайды. Ушактоо, жамандоо, жек көрүү, таарынуу, кызгануу, көралбоо жана башка сезимдер минимумга түштү. Максимумга позитив, сүйүү, ырахат алуу ж.б жакшы сезимдер чыкты. Өзүмдүн сезимдеримди көзөмөлгө алып атып, жакшы жакка тарбиялап келе жатам. Эмоциям өйдө — ылдый ойной бергенди токтотсом, жакшы болот эле. Бат кайгырып, бат сүйүнүп, бат жинденип, бат жазыла берем. Бир калыпта болсоң, сонун болмок. Жулунбай калганыма көп болду. Жай баракат жүрөм го, чиркиндики. «Мен» деген амбиция күч болчу мурун. Ошооо. Мендеги акыркы жаңылыктар ушу. Сиздеги, жан дүйнөңүздөгү акыркы жаңылыктар, өзгөрүштөр кандай?”,-деп жазды Айтбекова.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу