Мээрим: «КИМГЕ ИШЕНЕМ, КИМ МЕНЕН ЖАШАЙМ?»

Мектеп жашымда алгачкы махабатымды кезиктирдим. Ал адам менин парталаш класс­ташым эле. Башында эл катары достук мамиледе жүрүп эле эмне болуп аны сүйүп калганымды билбейм. 11-класска келгенде ал да мени жактырарын билдирди. Жүрөгүм аны гана эңсеп тургандыктан, жок дей албай кыз-жигит болуп жүрүүгө макул болдум. Бара-бара көзүмө андан бөлөк эч ким көрүнбөй махабатка мас болуп сүйдүм. Бир күн көрүшпөй калсам туталанып, сагынып, үнүн укпай калсам ыйлагым келип, айтор, сезимдин азгырыгынан чыга албай калдым. Заматта сабагымдан аксап, келечекке болгон чоң максаттарымдан айнып ага баш байлап үй-бүлө күтүүнү гана самап калдым. Ошондой күндөрдүн биринде жигитим мени коңшу айылга отурушка чакырды. Ата-энеме билгизбей качып бардым. Ал достору менен ичимдик ичип олтурду, мен кыздар менен жүрдүм. Ошентип олтуруп күүгүм талаш экөөбүз өз айылыбызга жолго чыктык. Абдан бактылуу элек. Ошол жолдо менин балалыгым аяктады, кыз атым өчтү…

Бул окуядан көп өтпөй мага бир жигит телефон чалып “таа­нышып албайлыбы?” деп калды. А мен аны менен жөн гана сүйлөшүп койдум. Анан дароо жигитим чалып досуна чалдырып мени сынатып жатканын айтып мени менен уруша кетти. Бул нерсеге көп деле маани берген эмесмин. Эки күндөн кийин эле жигитим Ош шаарына окууга тапшырганы кетти деп уктум. Мени менен эч кабарлашкан эмес. Дагы деле ага болгон ишеним менен аны күтүп жүрдүм. Арадан эки ай өткөндө фигурам бузула баштады. Кускум келип, башым ооруйт. Көрсө, кош бойлуу болуп калыпмын. Эч кимге айтпай жүрө берип беш ай болуп келе жатканда ата-­энемден коркуп, үйдөн качып Ош шаарына бардым. Жолум болуп келген эле күнү базардан жигитимди таап алдым. Менин андагы кубанычыма чек жок эле. Ага болгонун айтып бердим. Ал мени бир жерге алып барып жайгаштырып, эртеси батир алып экөөбүз көчүп бардык. Бир гинеколог эже менен таанышып, болгон жагдайыбызды баяндап жардам сурадык. Ал эже жардамы катары өзү төрөтмөй болду. Биз буга чексиз кубанып, эжеге ыраазы болуп жүрдүк. Бирок анын бул аракетинин баары бекеринен болгон эмес экенин абдан кеч түшүнүп калдым. Ай-күнүм жетип толгоом башталганда бая­гы эжеге чалсак заматта жетип келди. Аман-эсен төрөдүм. Уулум­дун биринчи ыйын угуп биринчи жолу эне экенимди сезип кубандым. Бирок андан ары эмне болгонун эч билбейм… Эсиме келсем жанымда жигитимдин бөлөсү туруптур. Баланы сурасам эч нерсе билбейт экен. Ангыча тиги эже келип балам чарчап калганын айтып “өз колум менен көөмп келдим” деди. Бирок мен буга таптакыр ишенген жокмун… Жигитимди да заматта таппай калдым.

“Иттен жок, же ит байлаган жиптен жок” болуп акыры айланып ата-энеме келдим. Кайтып келип апамдын кебетесин көрүп өзүмдү өзүм кечиргис болдум. Ошол күндөн баштап мен өзүмдү жек көрүп жашаганга өттүм. Мен жоголуп кеткен күндөн тарта байкуш апам оорусунан баш көтөрө албай бетин бырыш басып карып кетиптир. Атам байкуш да аябай жүдөгөн экен. Алардын алдында айыбым тоодой экенин сезем. Бирок кылыктарым тууралуу бир ооз да кеп айткан жокмун. Жогорку окуу жайына тапшыруудан да баш тарттым. Анан борборго келип иштеп калдым. Так багытым жок күн өткөрүп жүргөн бир күнү курбу кызым тааныштырган бир жигит ала качып кетти. Жаңы жашоо баштаган кезимде удаасы менен үч жолу боюмдан түштү. Кийин араң дегенде кыздуу болдук. Бир жаман жери мен жолдошумдун бир туугандары жана ата-энеси менен эч тил табыша албай койдум. Жолдошум башынан эле ар кандай кара жумуштарда иштеп, тапкан акчасын апасына санап берип көнгөн экен. Анысы аз келгенсип, кайним мас болуп алып чыр салат, кайынсиңдим качан болсо мага тирешип турат, айтор, мага тынч­тык болбоду. Ошентип мен кызымды алып ата-энемдикине келип алдым. Жолдошум болсо ар дайым көзүмдү карап турат. Мен төркүнүмө келгенден бери тынбай байланышып жатат. Акыркы күндөрү сагынганын айтып, кызыма деп акча да сала баштады.

Айыл жергесинде кеп тез тарайт да. Менин келгеним баягы айылдаш жигитиме жетип, ал телефон номеримди таап байланышып баштады. Канчалык аны менен сүйлөшпөй коёюн десем да эмнегедир ага тартыла берем. Акыркы жолу чалганында «ажыраш, чогуу жашайлы» деди. Чынын айтсам, мен анын бул сунушун четке каккым келбей кыйналып турам. Бирок ошол эле маалда ага ишене да албай жатам. Эгер ал мени сүйгөн болсо мени баламдан ажыратмак эмес да?.. Балам тууралуу билейин деп төрөткөн эжеге эки-үч жолу барсам, «өлүп калган» дегенден башка эч нерсе айтпай койду. Ошол эже экөө баламды бирөөгө берип салышканбы деп ойлойм. Анткени «макул, ишенейин, кайсы жерге көмдүңөр?” десем так жооп бербей коюшкан. Ушундан улам балам тирүү деп сезем. Менин уулум бар экенин андан башка жан билбейт. Андыктан ал уулумду табуу үчүн бул жигитиме баш байласамбы деген ойдо болуп жатам. Алдымда турган “күйөөмө кетишим керекпи же мурунку жигитимеби?”, “уулумду кайдан издейм, а кызымды атасыз калтырганым туурабы?” деген суроолор мага уйку бербей калды. Кебимдин аягында кыздарга жаштыкка, сезимге алдырбагыла дегим келет.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу