Мурунга чүлүк салган схемалар…

Эгемендик алдык деп тебетейди көккө ыргытып сүйүнгөн токсонунчу жылдардан бери карай отуз жыл өтсө деле эски чийилген схемалардан кутула албай келатабыз. Көрсө ошол “сыйкырлуу” схемаларга башатында жан киргизгендердин “традицияга” айланып калган кыймылдары оңой менен жерге “көмүлбөйт” экен. Тескерисинче улам жаңы түскө, өзгөчө “каармандарга” ээ болот тура. Буга жүз пайыз ишенип деле калгандайбыз.

Илгери Аскар Акаевдин тушунда бажыга Мурат Малабаев келип жыйылган каражаттын каймагын алгач өзү шыпырып жеп, анан мартабалуу өкүмдарга, анын увазирлерине кенен-чонон ооз тийгизип жүрүп, аларды биротоло “талгак” кылып таштаганы тууралуу икаяларды жакындан билгендер узун жомок кылып эмдигиче
айтып түгөталбаган кези десек болот. Дале капыстан Малабаев бажы тарапка баш багып калса жандары калбай тосуп алышып, башкача көңүл бурушуп туруп узатып койгонго учурдагы бажычылар даяр. Көрсө жегенди билгендерге урмат-сый көрсөтүү боюнча эч кимди алдыга салдырбаганыбызды моюнга алалы да. Кийинки мезгилде деле миллиондорду сугунуу боюнча “рекорд” койгондор өсүп чыкты. Дүйнөнү айландыра курчаса да түгөнбөгөн акчаны эпчилдик менен чогултууга кудурети жеткен Раим Матраимовду канча “мактасак” да аздык кылат. Гиннестин китебине капыстан кирип калса башка улуттун шылуундары оозун төөнөгүч менен төөнөп алышына кепилдигибиз бар. Ким билет, балким дагы беш-он жылдан кийин Раим “пашанын” атагы таш жарып кетээринде кеп жок жегичтик жагынан таанылып. Белдүү иштеген бажычы кантип каражатты мамлекеттин казынасынан кыйгап өткөрүү боюнча көмүскө схемаларды токуганы жашыруун сыр бойдон калсын.

Арийне, Бакиевдин уулу Максимдин амири менен өлкөгө кирип келген Ширшовдун, Гурьевичтин схемаларына да дем бергендер толтура. Энергетика жаатында чийилген схемалардан оолактатуунун жолдорун кайсалап таппай жатышат биздин кыйындар. Бир жагынан ошол схемалардын табына алаканын жылыткандар эч убакта “пайдалуу” схемалардан кутулгусу келишпейт. Кайсыл ашкеби өзүнүн алдындагы тамак куюлган табагын өзгөгө тарттырып жибергиси келсин? Банктардагы “мафиянын” казаны дале боркулдап кайнап жатат. Акчанын буркураган жытын сөөмөйүн чычайткандар тарапка бурду дегиче эмнеге барганын унуткан билермандар артына зуу коюшат. Албетте шыбагасын алып туруп. Дагы жакшы Токтогул суу сактагычы “жырткычтардын” тишине акыркы жылдарда илинбей калды. Болбосо караңгы үйдө отурмакпыз камандай күркүрөп. Тилекке каршы бүгүнкүгө чейин табышмактуу схемалардан толук арыла элекпиз.
АКСтин эргулдары болсо кичинекей иштерди баса калымыш болуп көрүнгөнү менен өтө майлуу тармактарды “өз баласындай” башкалардан коргоп келет. Себеби, ар жерден айдын аягында алчу “долясы” эбак иретке салынган. Барар замат конверттер берилип, сый менен узатылышат. Курулуш компаниялары, ири соода борборлору, цемент, шифер чыгарган заводдор, мунай зат өндүргөн, же ташыган тармактар АКСтин курсагын тойгузган “акырлары” дегенден неге кысынмак элек? Ушулардын баарын чокуга чаап токтотуп койчу күч түзүмдөрү укмаксан, көрмөксөн болгону үчүн көмүскө схемалар өөрчүп баратат.

Кыскартып айтканда мурунга чүлүк салган табышмактуу схемалардан бүгүн же эртең кутуларыбызды эч ким аныктап бере албайт. Төрөлгөндөн тартып жерге көмүлгөнгө чейин бизди артка тарткан балээлер былк эттирбей курчап алган. Тескерисинче улам жаңы “жаратман” схемаларды токугандардын “тукуму” арбып жатканын да кыстара кетели. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга карай өнүкпөй, жалаң чет элдиктердин каражатына “маарап” турган кезибиз. Манасты туу карманып, эч элде жок эпосубуз менен дүйнө элин таңданткан касеттүү улуттун келечеги ылайым жакшы болсо экен. Бизди тыйпыл кылууга “салымын” кошкон “схемачылардын” ылайым тилегин таш капсын!

Ж. Түзайтаров
Булак:Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу