Мурдагы депутат Музаффар Исаков камакка алынды…

Мурдагы депутат Музаффар Исаков камакка алынды. Экс-депутат жети жылга камакка алынып, үй-мүлкүн конфискацияланды. Мундай чечимди Жалал-Абад облустук соту чыгарды.

Эске сала кетсек,  Башкы прокуратура 2017-жылы КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле.

Ага, 2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу