МУРАТ ЖЕТИМИШБАЕВ: “БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛАБЫЗ ДЕГЕН ЭМЕСМИН. БУЛ КУРУ ЖАЛАА”

УКМК камакка алган жарандык активист Мелис Аспеков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү Мурат Жетимишбаев Аспеков менен сүйлөшкөнү чын экенин, бирок бийликти басып алабыз, төңкөрүш кылабыз деп сүйлөшпөгөнүн билдирди.

Мурат Жетимишбаевдин сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз беребиз.

“Өткөн жуманан бешинчи күнү менин ФБ (фейсбук) баракчама М. Аспеков деген бала “аба телефон номериңизди жазып бересизби” деп кайрылды. Мен бердим. Андан кийин бир топ убакыт өткөндөн кийин бирөө чалып, “мен Мелис Аспековмун сизге бир өтүнүч менен кайрылайын” деп калды. Мурун, кийин бул жигит менен сүйлөшпөгөндүктүн анан үнүн мен тааныбайт элем, ошондуктан ал өзү чалдыбы же башка бирөө чалдыбы аны ачык айта албайм! Ал мага чалып. “мен “Мекенчилдер” партиясынын тең төр агасымын, биздин партия Сиздерге кошулуп шайлоого бирдиктүү талапкерди колдоп бармай болдук, ошондуктан Сизден өтүнүч жардам берип Сиз колдогон талапкер менен байланыштырып берсеңиз жакшы болот эле, биригүү боюнча сүйлөшүп алышыбыз керек болуп жатат” деп өтүндү.  Менин бул маселеге эч кандай тиешем жок да, өзүңөр партиянын лидери катары ал партиянын шатабына барып эле сүйлөшүп, же болбосо атайын билдирүү менен эле чыга берсеңиздер жакшы болот да, азыр биригүүлөр көп эле болуп жатпайбы дедим”,-деп жазат ал.

Ошондой эле жетимишбаев Аспеков андан бир ооз айтып көрүүсүн өтүнүп, андан соң Аспеков өзү штабга барып сүйлөшөрүн билдиргенин жазат.

“Мен ал кишиге (Бабановго-ред.) түздөн түз байланыша албайм, ошончолук эле айт десеңиз бир ооз Бакыт Эргешовичке айтып көрөйүн”дегем. Андан кийин ал жигит ” Калмамат Анапияев дагы биз менен бирге чогуу шайлоого бармай болду дегенин мен аны тааныбайм десем Алайлык киши ыгы келсе ошол абаны тигил лидерлерге жолуктуруп койсоңуз жакшы болот эле деп личкага номерин жөнөтүптүр. Ал кишинин жашын сурасам 55терде деп жооп берди. Андан кийин кайра личкага “тигил аба сизди күтүп жатат азыр чалып коюңузчу” деп жазып жибериптир. Бирок мен тааныбаган адамга эмне деп чалмак элем деп ал абасына чалган жокмун”,-дейт Жетимишбаев.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү Мурат Жетимишбаев ушуну менен сүйлөшүү аяктаганын, эч кандай бийликти басып алабыз, революция жасайбыз деген сөздөр айтылбаганын кошумчалады.

“Өзңүздөр деле кайра жакшылап угуп көрсөңүздөр андай эч сөз айтылбагандыгына күбө болосуздар. Ошондуктан урматтуу бир туугандар бирөөнү каралагандан мурун а дегенде ошол кескиленип, далай жерлери бурмаланган аудио жазууну жакшылап угуп алганыңар дурустур. Мен өмүр бою билим берүү системасында эмгектенип келген адаммын ошондуктан баш аламандык уюштуруу үч уктасам түшүмө да кирбеген окуя. Бул жалаа мага катуу сокку болуп жан дүйнөм жанчылып турган учур. Ооба, талапкер боюнча менин тандоом, ал менин тандоом. Мен жаштарды колдоп келгендигим чындык жана дагы, ал жигиттерди колдой бермекчимин, Мен баарыңардын тандооңорго дагы сый менен карайм. Бирок мен өзүмдүн тандоом үчүн кана, түптүз жерден куугунтука алынып жалган жалаа жабылып жаткандыгына өкүнөм! Шайлоо жакындаган сайын Кооптуу коогалаңдын добушун мен эмес, башка чагымчыл айбандар чыгарып жаткандыгын сезсеңер! Сөзүмдүн акырында мага тынымсыз телофон чалып, бул куруу жалаа экендигин айтышып, мага колдоо көрсөтүп жаткан досторумдун барына дагы бир жолу чоң ыраазычылыгымды билдирем”,-деген Жетимишбаев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу