Мирбек Иманбеков, ырчы: «Апамды жоготуу мага оор сокку болду…»

2005-2010-жылдары Мирбек Иманбековдун жылдызы жанып, чыгармачылыгы гүлдөп турган маал эле. «Жаным», «Таластык кыз» сыяктуу көптөгөн эмгектери элдин жүрөгүнөн түнөк таап, Мирбек болсо кыздардын көзүн күйгүзгөн мырзага айланган. Өз мезгилинин татыктуу ырчысы азыр кайда, эмне менен алектенет, үй-бүлөдө, чыгармачылыкта кандай жаңылыктары бар экени тууралуу төмөнкү маектен окуй аласыздар.

-Мирбек, саламатсызбы? Ортодо узак убакытка тыныгуу жасаганыңызга эмне себеп болду? 
-5 ай мурун алтындай болгон апам узакка созулган оорудан улам келбес сапарга аттанып кетти. Мен үйдүн кичүү баласымын, ошондуктан жалгыз калган атама каралашалы деп келинчегим экөөбүз Таласта, айылда жашап жатабыз.

-Арты кайырлуу болсун. Апаңыз канча жашта эле?
-Апам 69 жашта болчу. Өпкөсүнөн рак болуп ооруп, 9 айдай күрөштүк. Доктурлар көрсөтмө берген дары-дармектин баарын алып берип, ден соолугу калыбына келишине болгон күч-аракетибизди жумшадык. Бирок доктурлардын да, биздин да алыбыз жеткен жок…

-Азыр атаңыздын абалы кандай?
-Албетте, көп жылдар бою бирге өмүр сүргөн жарын жоготуу оңойго турбаса керек. Апамды жоготуу мен үчүн абдан чоң сокку болду. Сыноолордун эң оору жакыныңды жоготуу болсо дагы сабыр калып жашоо улап келебиз. Атам дагы ден соолугуна байланыштуу жылына эки жолу ооруканага жатып дарыланып турат. Эми Кудай атамдын ден-соолугун берип, узак жашап, биздин жакшылыктарыбызга күбө болсо экен деп ниет кылабыз.

-Келинчегиңиз айылдын турмушуна көнүп калдыбы? “Шаарга кетебиз”дебейби?
-Биздин айылда жашаганыбызга 3 жыл болду. Андан бери айылдын жашоосуна баарыбыз көнүп бүттүк. Мал кармабайбыз, жер иштетпейбиз. Ошондуктан үйдө ашыкча түйшүк деле жок. Калган үй тиричилигинин баарын кылат. Оокатка тың болгондуктан тез эле баарын жөндөп кетти.

-Балдарыңыз чоңоюп калышса керек. Мектепке барып калыштыбы?
-Ооба, балам быйыл 1-класска барат. Кызым 4-класста айылдагы өзүм окуп бүткөн мектепте билим алат. Шаарда окуп жүргөндө эле жакшы окучу, бул жактан дагы бешке окуп жатат. Мындан сырткары мектепте уюштурулган ар кандай кечелерде, сынактарда ырдап, мактоо баракчаларына, дипломдорго ээ болуп келе жатат. Талас шаарында жаңы лицейлер, гимназиялар ачылган. Уулумду ошолордун бирине берсекпи деп ойлогонбуз, бирок «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей, баланын дээринде болсо айылдан билим алабы, шаардан билим алабы, айырмасы жок деген жыйынтыкка келип, аны деле айылдык мектепке бермей болдук.

-Эми биротоло айылга отурукташып калдыңызбы?
-Убагында шаарга барсам, шаардан окусам деп көксөп жүрүп шаардын дагы жашоосун көрдүк, шаарда сүрчү өмүрдү жакшы эле сүрдүк. Балким үйдүн кенжеси болбогондо борбордо эле жашап калмакмын. Ар ким шартына карайт да. Мен азыркы кырдаалыма байланыштуу айылдамын. Айылдын жашоосу мага жагат. Шаарга барабызбы же айылда калабызбы, бул убакыт көрсөтчү нерсе.

-Ал жакта кирешени кайдан алып, үй-бүлөңүздү кантип багып жатасыз?
-Айылда деле тынымсыз тойлор болуп мени чакырып турушат. Андан сырткары чакан бизнес менен алектене баштадым. Бирок кайсы тармактагы бизнес экени азырынча сыр боло турсун, убагы келгенде айтармын. Негизи айылда болобу, шаарда болобу, азыркы заманда киреше табуунун жолдору абдан көп. Мисалы, чыгармачылыкты таптакыр таштап салган күндө деле мен үй-бүлөм багылбай калат деп ойлобойм.

-Жакында эле жаңы образ менен, бирок эски ырыңызды жаңыртып ырдап чыгыптырсыз. Күйөрмандарга жаңы чыгарма тартууласаңыз болбойт беле?
-Эски ырды жаңылап ырдап чыгуу — чыгармачылыкта болуп эле жүргөн көрүнүш. Наргиза Айтемирова аттуу ырчы кыз ушул «Жаным» аттуу ырыма рэп жанрын кошуп чогуу ырдоо сунушун айтып калды. Негизи, мен дагы сахнага ошондой рэп стилинде чыгып, өзүмдү сынап көргүм келип жүргөн. Ошол образды аз да болсо жарата алдым десем жаңылышпайм.

-Бул дуэтти жубайыңыз кандай кабыл алды? Кызганыч сезимдери болгон жокпу?
-Кызганыч сезимдери тээ жаңы үйлөнгөн жаш кезек менен артта калды десем туура болот го дейм.Азыр кызганбайт. Тескерисинче, чыгармачылыгыңды өркүндөт деп мага шык, дем-күч берип турат. Бул үчүн ага абдан ыраазымын.

-Эми ушул темп менен чыгармачылыгыңызды улантып мурунку популярдуулугуңузга кайтууга аракет кыласызбы?
-Ооба, учурунда жакшы эле популярдуу болдум. Бирок азыр деле такыр өчүп калдым дегенден алысмын. Күйөрмандарым азыркыга чейин жакшы сөздөрүн айтып, социалдык тармактагы баракчаларыма да мени колдогон жакшы комментарийлерин калтырышат. Ушинтип убагында жасалган эмгегиңди эл унутпай баалап-барктап турганы, чыгармачыл адамдын эң чоң жеңиши деп билем. Демек, мен өчкөн жокмун, чыгармачылыгым дале күчүндө. Эми бир хит болчу чыгарманы ырдап чыксам эле популярдуулук кайтып келерине ишенем жана ошого аракет кылам.

-Убагында концерттериңиз аншлаг менен өтүп турчу эмес беле, ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эмнеге жетиштиңиз?
-Азыр ойлосом, ошол Спорт ордосуна жык-жыйма келген элге берген концерттерден түшкөн каражатка өзүмө материалдык байлык апкелчү эч нерсе кыла албаптырмын. Сыягы, майда-чүйдөгө эле жумшалып кетсе керек. А бирок элге опол тоодой кызмат кылдым да. Буга өкүнбөйм. Анткени чыгармачыл адамдын иши эл колдоого алганда гана жүрүшөт.

-Учурда беш маал намаз окуп жатыптырсыз. Буга эмне түрткү болду?
-Ооба, намаз окуп жатканым чын. Намаз, негизи, мусулмандарга Кудайдан берилген парз болгондуктан, балакатка жеткен учурдан тарта окуп башташ керек. Менин намаз окуп калганыма жашоомдогу кайсы бир окуялар себеп болду деп айта албайм. Билбейм, Жараткан жүрөккө ыйманды эми бердиби, же акыл мага эми кирдиби, түшүнбөйм. Бир гана жаңылыштыгым, намазды кеч баштаганым болду.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу