Мигранттар болбосо эмне кылмак элек?

Өткөн жылы россиядагы мигранттардан эле өлкөбүзгө 21 миллиард акча которулганы жөнүндө маалымат тарады. Айтканга оңой болгону менен бул абдан чоң акча. Эгер россияга барып жарандарыбыз иштебеген болсо, анда элибиз кайсы акчага жашамак эле. Дагы да болсо Россия бизди багып жаткандай элес берет. Союз убагында канчалаган завод –фабрикаларды салып беришкен. Эми да минтип жарандарыбызга эшигин кенен ачып, иш менен камсыз кылганына да тобо дейли. “Жакшынын шарапты, жамандын кесепети тийет” деп айтылгандай, бир миллионго жакын жарадарыбызды иш менен камсыз кылган россия элине ыраазычылык эле билдиргенибиз оң.

Ал эми сырттан келген гранттарды туура эмес пайдаланып, куру шылтоону айткан, тилдеринен бал тамган билермандарга эмне сөздү айтабыз. Айтылган кеп бар эмеспи “көп үргөн ит кол сала албайт” деген. Ансыңары көп сүйлөгөн чоңдорго караганда, карапайым калк элди багып жатканы карандай чындык экенин да эске алып койгонубуз туура. Андыктан сөздөн качан ишке өтөт болду экен, биздин чоңдор.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу