Мелис Турганбаевдин ИИМди сүзүп кирип барганга кандай акысы бар…Өзүңөрдү баскыла…

“Азия ньюс” гезити «Манты кулак» Мелис Турганбаев аз күн мурда эки жансакчысынын коштоосунда ИИМ­дин орун басары Данияр Абдыкаровдун кабинетине кирип барыптыр. «Се­ни өзүм көтөрдүм эле, акырында көтүмө суу куйдуң, эми түбүңө жетем!» деп катуу омуроолоп, аз жерден сабап сала таштаптыр. Ооба, Мекеге ишенич жок, кармаша кетсе борпоң Данчикти көтөрүп чаап, муунтуп, о дүйнөгө узатып жибериши ажеп эмес да. Кызыгы, Абдыкаров устаты Турганбаевге эмне жаманчылык кылганы ушул күндөрү ачыкталмакчы” – деп жазып чыкты.

Милициянын килейген генералы ИИМдин эшигин тээп кирип, министрдин орун басарын жакалап жатса, ми­лициянын кадыр-баркы кайда калган? Уят эмеспи ыя? Өздөрүн өзү сыйлабай жатса, башкаларды жөн эле коёлу. Милиция­нын бийик сересиндегилер ортосунда мына ушундай зөөкүрдүк өкүм сүрүп жаткандыктан, катардагы кызыл шапкечендер жыртык чокойчон көчөдө жүрүшөт да.

Тур­ганбаев мырза ич күптүсүн Абдыкаров менен ээн талаа, эрме чөлдө чечишип алса болбойт беле? Кандай болгон күндө да абдан өкүнүчтүү иш жасаптыр. Генералдан мындайды күткөн жок элек…

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу