Масалиев кол тийбестик мыйзамына каршы добуш бериши боюнча үн катты

Депутат экинчи окууда мыйзамдын концепциясы өзгөрүп кеткенин айтууда.

 Жогорку Кеңештин депутаты Исxак Масалиев экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча өзү демилгелеген мыйзамга эмнеге каршы добуш бергени туурасында Facebook баракчасына жазды.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору 13-февралда экинчи окууга киргизилгенде концепциясы өзгөрүп кеткен.

«Биз демилгелегендей болбой калганы өкүнүчтүү. Кимдир бирөө азыркы президентке кызмат кылгысы келди. Бирок бул өзүнүн партиясын түзүп кийинки парламенттик шайлоого катышып же башка партияны колдоого жол ачат», — деп жазган Масалиев.

Белгилей кетсек, парламентте «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда колдоого алынган.

Ага 94 депутат макул болсо, 8 депутат каршы чыкты. Мыйзам долбоорду демилгелеген Масалиев кайра өзү каршы добуш бериши коомчулукту таң калтырган болчу.

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу