Мадумаров коомчулукту саясий окуяларга кайдыгер карабоого чакырды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров 17-июнда «Мен макул эмесмин» кыймылынын жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди. Мадумаров элге кайрылып өлкөдөгү болуп жактан саясий окуяларга кайдыгер карабоого чакырды.

— Экс-президент азыркы президентти легитимсиз деп жарыялады. Биз сиздер менен бирге 2017-жылы президенттик шайлоону мыйзамсыз өттү деп жарыялаганбыз. Анда эмне үчүн укпадык? Ошол мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка акча суудай агып жатканын айтпадык беле? Мен туура эмес айтып жатамбы? Эгер туура болсо үн катып койгулачы, кыргызстандыктар. Интеллигентиң же аксакалың же акын-жазуучуң үн ката албайт. Эмне болгон эл болдук? Башка мамлекеттерде туура эмес иш болсо эл чыгып акырын ордуна коюп жатат.

Адахан Мадумаров өлкөдөгү оппозициялык саясатчы. Ал буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бириге тургандыгы жөнүндө сөздөрдү төгүндөгөн. Мадумаров 2017-жылы президенттин шайлоого катышкан. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо өзүнүн платформасы менен чыгаарын билдирип жүрөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу