Көкбөрү: Жогорку Кеңеш 2:0 эсебинде өкмөттү утту (видео)

23-февраль, Ата-Мекенди коргоочулапдын күнүнө карата уюштурулган көкбөрү боюнча мелдештин финалында Жогорку Кеңештин командасы 2:0 эсебинде өкмөттүн командасын утуп алды.

Улакты биринчи жолу команданын капитаны Канат Исаев, экинчисин Курманкул Зулушов эңип барып, тайказанга Урмат Саамаев салды. Өкмөт өкүлдөрүнөн куралган команданын капитаны вице-премьер-министр Замир Аскаров.

Жогорку кеңештин командасы буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бобнча мамлекетик агенттигинин командасын 6:5 эсебинде жеңип, финалдык бөлүктө ойноого мүмкүнчүлүк алган. Ал эми Өкмөт командасы журналисттердин командасын 1:0 эсебинде утуп 1-орун үчүн таймашка чыккан.

3-орун үчүн журналисттер менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы ойноду. Жыйынтыгында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин командасы 2:4 эсебинде жеңишти колго алды. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу