Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы жаракат алды

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Тажик тарап бир киши каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алганын билдирүүдө.

Маалыматка караганда, мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунда мугалим болуп иштеген 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу жаран. Анын кыргыз тараптан атылган октон каза болгону айтылууда. «Ок анын төшүнө тийген. Ал көп кан жоготкондуктан каза болду», — деп жазды «Азаттыктын» тажик кызматы аты-жөнүн билдиргиси келбеген булагына таянып.

Маалыматка караганда, жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.

«Азаттык» радиосунун Баткен облусундагы кабарчысы Ворух анклавынын тургундары Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүктөгү бөлүгүн жаап алышканын кабарлады. Анын айтымында, аймакта иштеп жаткан жалгыз трактор чек арадан эки чакырым алыстыкта Кыргызстандын аймагында жүргөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы жаңжалдашып жаткан тараптарды тынчытуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышканын билдирди. «Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти», — деп жазылган кыргыз Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Акыркы маалыматтар боюнча чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу. Эки өлкө чек арачыларынын түшүндүрүү иштеринен кийин чогулгандар тарай башташкан.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Алар коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө үчүн чек арадагы абал жөнгө салынышы керектигин белгилешти.

Расмий маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, алардын 504 чакырымы демаркация жана делимитация боло элек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу