Кыргыз-казак өкмөт башчылары айыл чарба азыктарына киргизилген чектөөнү талкуулады

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Аскар Мамин кечээ, 23-февралда телефондон сүйлөштү.

Анда кыргыз айыл чарба азыктарын казакстандык рынокко чыгарууга киргизилген чектөөгө байланыштуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда бул маселени тез арада, эки тарапка тең пайдалуу шартта чечүү жолдору сүйлөшүлдү.

Аталган маселени чечүү максатында премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашкан. Ага Кыргызстандын делегациясы барат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу