Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү

Ушу тапта чек арада абал чыңалып турганы айтылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлиги кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Маалыматта сүйлөшүүнү кыргыз тарап демилгелегени айтылат.

“Министрлер чек арадагы абалды талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилени чыңдоо жана жагдайды жөнгө салуу үчүн тийиштүү органдардын өз ара тыгыз аракетинин зарылдыгын белгилешти”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта Баткен чек ара бөлүмүнүн жоокерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу