КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КЫСЫМГА КАБЫЛУУДА…

ЫРГЫЗСТАН ДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КЫСЫМГА КАБЫЛУУДА… Акыркы күндөрү ЖМКларды сотко берүү боюнча аткаминерлер тарабынан таймаш өтүп жаткандай. Дегенибиз кечээ жакында эле “Азия Ньюс” гезитин Ахматбек Келдибеков менен экс-ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаровдор “кадыр-барктарына шек келди” деп миллиондогон сомго сотко бергендери белгилүү болгон. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кадыр-баркыма, ишкердик беделиме шек келтирди деп «Ачык саясат плюс» гезитин 1 миллион сомго сотко берди. Алгач, 300 миң сом доо коюп, кийин аны 1 миллион сомго көтөрдү. Кыязы, кадырын аз баалап алган көрүнөт. Эми мындай жагдайлар сөз эркиндигине болгон кызылдай эле кысым экени талашсыз чындык. Дагы бир маселе ушул аткаминерлердин кадыр баркын баалай турган орган барбы? Эртен дагы бирөө чыгып миллиардга сотко берсе деле, сот акелер аныкы туура деп чечип бере береби? Же каалаган сумманы айтышып баасын көтөрө беришсе эле, кадыры ошончого бааланып калабы? Башкача ой жорууга мүмкүн эмес.



Сиздин пикир