Кымбат зер буюмдар, имараттар. Депутат Арапбаевдин декларациясы

Парламентарий бир жылда 7,9 миллион сом таап, бирок андан эки эсе көп короткон.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев 2017-жылы 7,9 миллион сом иштеп тапкандыгын киреше жана чыгаша боюнча декларациясында көрсөткөн.

Парламентарий документте 17 миллион сом короткондугун жазды.

Анын менчигинде өндүрүш жана административдик имараттар, кандай экени так айтылбаган курулуш жана жер тилкелери (айыл чарба багытында) бар. Мындан сырткары, Арапбаев ишенимдүү башкарууга берилген төрт ЖЧКнын капиталына ээлик кылат. Буга кошумча башкаларга убактылуу берилген жабдуулары, купондору бар экендиги айтылган.

Парламентарий эмеректерин 2,5 миллион сомго, ал эми тиричилик техникасын, компьютер, видеотехниканы эки миллион сомго баалаган. Буларга кошумча 2,8 миллион сомдук кымбат баалуу жана баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары, үч автоунаасы көрсөтүлгөн. Декларацияда 24,9 миллион сомдук «кыймылдуу башка мүлктөрү» жазылган.

Депутат Аралбаевдин туугандары 158,3 миллион сом пайда тапканы, алардын менчигинде алты батир жана кыймылсыз бир нече мүлк бар экени жазылган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу