Кызматтан кызматка секирген Шамкеев

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев кызматтан кетти. Анын ордуна Элмира Абжапарова шайланды. Өкмөт буга чейин Бактыбек Шамкеевдин ишин сынга алып, ал жетектеп турган мезгилде Мамлекеттик ипотекалык компания алгылыктуу натыйжага жетишпей калганын айткан. Ошондой эле ал 107 миң сом айлык алаары айтылып, бул маянасы үчүн ага көптөгөн сындар айтылган. Бирок бийлик Шамкеевди «Айыл Банк» башкармалыгынын төрагасы кылып дайындап элдин оозун ачырды.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу