Куда тосушкан. Көлдөгү массалык уулануунун чоо-жайы

Жергиликтүү оорукананын башчысы ооруканага кайрылгандар кешик жегенден кийин дарыгерлерге кайрылганын маалымдады.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына ууланып түшкөндөр куда тосуп, кешик ооз тийишкен. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Эркин Урманаев билдирди.

Ага ылайык, ооруканага кайрылгандар Боз-Учук айылынын тургундары. Урманаев кечээ эки киши, бүгүн дагы 10 киши түшкөнүн кошумчалады.

«Азырынча кешик ооз тийгенден ууланган деп жатабыз. Кечээ реанимацияга бирөө түшкөн. Ал бүгүн бир саат мурун жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулду. Оорулуулардын баарынан анализ алдык. Кошумча дарыгерлер бөлүндү. Бейтаптардын саламаттыгын байкап турабыз», — деди ал.

Урманаев кайрылгандардын арасында 5 өспүрүм болсо, анын бирөө бир жаштагы ымыркай экенин айтты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги кыз узатуу тоюнда ондон ашык жаран ууланып, ооруканага түшкөнүн маалымдаган.

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу