КСДПнын Көлдөгү жыйынына Борбукееванын туугандары гана катыштыбы?

КСДПнын 12-мартка белгиленген Ысык-Көл облусундагы жыйынына күтүлгөндөй эл келбей, максатына жетпей калды. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “барымтасында калган” Рита Борбукеева канчалык аракет кылганы менен касиеттүү Ысык-Көлдүн тургундарын АШАны колдоого ынандыра албай калганы далилденди. Маселен, Балыкчы шаарындагы эң кымбат “Алтын-Казык” ресторанында уюштурулган иш-чарага болгону 40тай киши катышкан. Анын да көпчүлүгүн Рита Борбукееванын төркүндөрү, кайын журту, тааныштары, достору түзгөн. Ошентип 500 миңдей калкы бар өрөөндөн экс-президентти колдогон жада калса 50 даы адам чыкккан эмес. Анан дагы КСДПга такыр тиешеси жок адамдардын жыйынга катышканы, алардын арасында “Ата Мекен”, “Республика – Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү болгонун да күбөлөр айтып жатат. Атамбаевдин акчасына гезит чыгарып, анын колдоосу менен сайт ачкан, КСДПга такыр байланышы жок Назгүл Мамытова деген журналисттин трибунада былтыйып отурганы эле бул иш-чаранын максатына жетпегенин көрсөтүп турат. Болбосо атын булгап алган журналистти кантип ушундай орунга отургузмак эле?
Алдын ала 200-300дөй адам катышат деп төш каккан Борбукеева мындай көрүнүштү адатынча бийликке шылтап, бет тырмактыкка өттү. Аны да түшүнсө болот. Анткени, деңгээли ошого жетет, өз айыбын эч качан моюнга албайт. Жогорку Кеңештин пансионатын башкара албай, ал жерден да акча кымырган деген Рита айым башка эмне кылсын? Мындай адамга ишеним артып, бүтүндөй бир облустагы жыйынды тапшырган АШАнын деле башка аргасы жок калгандай. Анткени, КСДПнын Ысык-Көлдөгү кадыр-барктуу мүчөлөрүнүн баары экс-президенттин чыныгы жүзүн билген, андан эчак түңүлгөн. Кыскасы, Атамбаевдин учурдагы абалы Балыкчыда өткөн жыйында ачыкка чыкты. Эми экс-президент тиешелүү жыйынтык чыгарып, тагдырга моюн сунууга аргасыз. Башка жол жок…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу