КСДПнын Абдрахмановго К.Исаев тартып берип койдубу?

КСДП партиясынан «Атамбаевсиз КСДП” кыймылы бөлүнүп, бир күндүк айырма менен съезд өткөргөнүнөн башталган эки ажырымдын этеги биринчилери лидер катары Алмазбек Атамбаевди көрсөтүшсө, экинчилери Сагынбек Абдрахмановдун ысымын аташкан. 18-апрелде Адилет министрлиги КСДП маалымат базасына партиянын лидери жана анын дареги боюнча өзгөртүү киргизип, ал боюнча социал-демократтардын лидери Абдрахманов болуп, ал эми кеңсе «Форум” имаратынан башка даректе, Эркиндик бульварында көрсөтүлүп калган. Атамбаевдин КСДП партиясы тарабындагылар мындай көрүнүштү рейдерлик тартып алуу катары эсептешип, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда Сагынбек Абдрахманов да Атамбаевдин КСДП партиясынын съездин мыйзамсыз деп сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту Адилет министрлигине КСДП боюнча кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизип жазууга тыйуу салган. Мындай чечим партиянын лидерлиги боюнча чыр башталгандан кийин сот ишинин жүрүшүн камсыз кылуу учун кабыл алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы К.Исаева депутат Канат Исаев менен туугандык байланышы бар экендиги тууралуу депутат Ирина Карамушкина соцтармактарга жазган болчу. Канат Исаев өзү Карамушкинанын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө бере элек.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу