Клара Алибекова: «Мен аны тааныймын, арыз жазбаймын»

Социалдык тармактарда ырчы клара Алибековага кол салуу болуп,    тартип сакчыларына  жардам сурап кайрылганда алар шылдыңга алып тасмага тартып алганы  интернетке тарап социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

Бул мазактоо боюнча үч милиция кызматкери тийшит жазасын алган. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, ырчы Клара Алибекованын артынан кууп зордуктоого аракет кылды деген жигит суракка алынган. Аты Азамат. Буга чейин экөөнүн мамилеси болгон. Бири-бирин жакшы тааныйт. Кафеге дос кыздары менен олтуруп, Азамат менен келишпестик пайда болгон. Тартип сакчылары ырчыга Азаматтын үстүнөн арыз жаз деп кайрылганда, “мен аны тааныймын, арыз жазбаймын”, деп дос кыздары менен кетип калган.

Эске сала кетсек,  5-октябрь күнү интернетке укук коргоо органдары тарткан Клара Алибекованын видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Кызматтык учурда шылдыңдаган суроолорду берген тартип сакчыларына ИИМдин ички териштирүү кызматы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп,  Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгында иштеген үч кызматкерине дисциплинардык жаза берилген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу