Кирешеси жок, катуу кыйналып жатыптыр

Мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев “Манас” аэропортунун жетекчилик кызматы сунушталбаганын “Азаттыкка” айтып берди. Ал өз сөзүндө: “ Мага азырынча андай сунуш түшкөн жок. Бирок сунуш болсо иштеп бермекмин. Эки жылдан бери үйдө жумушсуз отурам, киреше жок. Бала-бакыраны багыш керек дегендей” – деп агынан жарылыптыр. Өзү айткандай ал, эң “майлуу” делген “Кыргыз темир жолу” ишканасын эки ирет жетектеди. Ал 1997-жылдан тарта бул ишканада жооптуу кызматтарда иштеди. 2010- 2015-жылы генералдык директору болду. Андан кийин 2 жылга жакын Транспорт министри болду. Анан ушундай адамды “кирешеси жок”, кыйналып жатат деп айтууга болобу? Элге кедей болуп көрүнүүнүн дагы чеги болоор. Миллиондогон эл, өмүр бою чиновник болбой эле арзыбаган айлык менен эч кимге догурунбай эле, үй-бүлөсүн, бала-чакасын багып жатышпайбы. Алкымы чоңдор, мына ошолордон сабак алсачы…

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу