Ким Кардашьян $150 миңдик бриллиант тиштерин көрсөттү. Сүрөт

Ким Кардашьян-Уэст тишинин кооздук берүүчү бриллинт каптамасын күйөрмандарына көрсөттү. Сүрөт анын  Instagram-аккаунтуна чыкты.

Ушундай эле кооз каптаманы америкалык хип-хоп-аткаруучу Лил Уэйн тагынат. Клиникалардын маалыматында, грилзалардын баасы 150 миң доллардан ашат.

Hypebae басылмасы декабрь айында Ким Кардашьяндын байлыгын санаган. Тележылдыздын негизги кирешеси KKW Beauty жеке косметикалык брендинин эсебинен болгон. Мындан сырткары Кim Kardashian: Hollywood мобилдик тиркемеси жана реалити-шоуларга тартылуу өтө көп киреше алып келген. Ал былтыркы жылы 350 млн доллар тапты.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу