Келдибаев: «Элди эзген финансылык пирамидалар көбөйдү»

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, «Ар кандай маселелер» түрмөгүндө Республика Ата-Журт фракциясынын депутаты Келдибаев Сагындык төмөндөгү маселеге токтолду:

«Урматтуу төрага жана коллегалар!

Урматтуу өкмөттүн өкүлдөрү!

Мына акыркы убакта байкасаңыздар эл арасында шылуундар көбөйдү. Ар кандай финансылык пирамида, сетевой маркетинг компанияларга афералык жолдор менен чоң суммадагы акчаларын алдыргандар көп. Жакында эле Россиядагы 500дөй мигранттарыбыз “КЭШБЕРИ” аттуу компанияга 2 миллион долларга жакын акчаларын ала албай калган. Айрымдары үйлөрүн күрөөгө коюп, 1 миллион рубльга чейин салгандар бар. Бул көрүнүш Кыргызстанда да кеңири кулачын жайып келе жатат. Ошто “Драгонс”, Таласта “Голден Драгонс”, “Коопсуз бизнес”, “Сейф Бизнес”, Нарында “Барс.KG”, “Евро”, Ыссык-Көлдө “Саттылык” финансылык, сетевой пирамидалар элдердин башын айлантып, алдаган учурлары толтура болуп жатат. Мамлекет тарабынан жарандарыбызды коргоп, сактап калбасак шылуундар тоноп, бюджетке, элдин чөнтөгүнө зыян келтирип жатат. Билинбеген менен аябай көп суммадагы акчаларды сыртка чыгарып кетип жатат. Өкмөттүн алдындагы финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы, Финансы полициясы бул тармакта катуу иш чараларды жасашы зарыл. Бул убака чейин канча жолу ушундай учурлар катталды? Кандай чаралар көрүлдү? Элге кандай агартуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат? Менин атыма кеңири маалымат берип коюңуздар. Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу