Капырай бул ким ай, каталары шурудай

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттагы ката жазуулар боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 233-берене (коммерциялык жана башка уюмдардын ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышы) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүштө белгилүү болгондой, бул жылы жалпысынан 95 миң экземпляр аттестат ката басылып чыккан. Ал аттестаттарда “н” тамгасынын ордуна “ң” тамгасы жазылган, ал аз келгенсип Нарын облусундагы Туз айылындагы бүтүрүүчүлөр үчүн даярдалган аттестаттарда табылган. Анда “реднюю” деген сөз ашыкча жазылган. Бул деген кайдыгерликтин жеткен чеги. Кылган ишине кайдыгер мамиле кылгандар жооп бериши керек. Мындай сабатсыздардын айынан акыркы жылдары билим берүү тармагынын тамтыгы чыкты. Талкаланды. Сабатсыздардын айынан кыргыз өлкөбүз туңгуюкка кептелди. Депутаттар тантырады, элита өлдү. А бирок министр эки ката болсо эч нерсе болбойт деп кабагым кашым дебей олтурат.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу