Капуста диетасы…

Капуста диетасыни кармоо негизи өтө кыйын. Бирок, ал жакшы натыйжа берет. Диета учурунда сууну жана көк чайды ченеми жок ичкенге деле боло берет. Диета учурунда туз менен шекерди колдонуудан баш тартуу керек. Диетаны кармоо убактысы он күн. Адистер аны эки ай сайын кайталаса боло тургандыгын айтат.

Диета кармоо тартиби

Эртең менен: Көк чай, кофе, газдалбаган суу жана минерал суусундугу

Түшкү тамакка: Сабиз менен капустадан жасалган салат. Кайнатылган уй эти, тоок эти жана майсыз балык. Булардын бардыгынын өлчөмү 200 граммдан ашпоо керек.

Кечки тамакка: Капуста салаты, бышырылган бир жумуртка, бир алма жана банан.

Уктаардан бир саат мурун: Бир стакан майлуулугу аз пайыздагы айран.

Диета учурунда алкоголь ичимдиктерин колдонууга, ун азыктарын жана нанды колдонууга тыюу салынат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу