Капуста диетасы…

Капуста диетасын кармоо негизинен кыйын, а бирок ал жакшы натыйжа берет. Диета учурунда чеги жок суу жана көк чай ичкенге боло берет. Диета учурунда таң эртең менен кофе ичүү менен сиз, организмдеги зат алмашууну жакшырткан болосуз. Туз менен шекерди унутасыз, аталган диета он күнгө созулат.

Таң эртең менен

Көк чай, кофе, газдалбаган суу жана минерал суусундугун ичесиз.

Түшкү тамакка

Сабиз менен капустадан жасалган салат. Кайнатылган уй, тоок жана балык эти. Алардын бардыгы 200 граммдан ашпоосу кажет.

Кечки тамакка

Бир даана алма, бышырылган жумуртка

Уктаардан эки саат мурун, бир стакан майсыз айран.

Диета учурунда эч кандай ун азыктарын колдонууга тыюу салынат.

БУЛАК: zaman.kg



Сиздин пикир