Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: «Жаштык-мастык кезде чала-була ала жипти аттагандай болгом…»

Каныбек мырза, силердигн үйдө ким кожоюн?

— Кожоюнмун деп эле айта берейин, үйдүн ичинде жубайым, үйдүн сыртында өзүм. Биздин үйдө ар ким өзүнүн жазылбаган озуйпасын, ата катары өз милдетимди, келинчегим эне катары өз милдетин талаш-тартышы жок эле аткарат.

— Акчаны ким көп табат, сенби же жубайыңбы?

— Бул маселени жооп берүү мен үчүн бир аз этикага жатпай калат, сыр эле бойдон калсын.

— Эркекке тиешелүү кайсы жумушту от души жасайсың?

— Чөп чапканды катырам. Башында бел, кол булчуңдары 1-2 күн ооруйт. Анан эле үчүнчү күндөн баштап трактор болуп каласың. Чалгы чаап атканда мээ укмуш эс алат. Денең бийлейт, жыргайт. Чалгы менен шилтеген сайын чөптүн жыты каңылжарды жарып «бурр» деп турат. А мыкты чыңалып, кайрак, бүлө менен жаныгандан кийин чабылган чөптөр ирети менен түшүп атканын көрүп, көзүң тоюп рахат аласың Муздак сууга максымды салып коюп жутуп алсаң… Кыргыз баласы үчүн мындан өткөн кандай рахат бар!

— Өз колуң менен там салгансыңбы?

— Айылга да, шаарга да өз колум менен үй салгам. Аскерден келгенден кийин каникулга туш келдим. Төрт айга жетпеген убакта өзүм жалгыз эки бөлмөлүү үйдү фундаментинен баштап чатырына чейин бүтүргөм.

— Мал сойгонду билесиңби?

-Жок, атабыз «биздин тукумда малга жамандык кылганга болбойт» деп мал сойдурган эмес, кошуна байкени чакыртып сойдурчу.

— Устукандап, кимге кандай жилик тийерин жайгарасың да?

— Бу жагын келинчегим экөөлөйбүз.

— Силердин учурда мектепте атамандык болгонбу?

— Болгон, биз гүлдөттүк окшойбуз. Бир класс жогору окугандар башташып, акырына биз чыгардык. Бул боюнча мен айтсам мактангандык болуп калар, айылга барып, «ким атаман эле?» деп сурасаңыз, баарын төкпөй-чачпай айтып беришет.

— Эркектер менен жакалашып мушташкан учурлар болгонбу?

— Бул ар бир эркектин турмушунда кездеше турган жагдай. Өзгөчө аскерге барганда бирөөнөн таяк жейсиң, таяктайсың өч аласың, сабайсың, акесин окутасың. Муну аскерге баргандар түшүнөт.

— Кыз ала качууга катышкансьңбы?

— Алмаз деген классташыбызга кыз ала качып бергенбиз Гуля деген кыз менен сүйлөшүп жүрүшчү. Рабочий городокто дүкөндө иштечү. Ал алдап эшикке чыгарды. Биз таксиге салдык, айылга ала качып кеттик. Гуля кыз кыялын кылып, «отурбайм, ушу кантип болсун?!» демиш болуп койду. Азыр экөөнөн бактылуу жан жок, жашап жатышат.

— Келинчегиң менен кандайча таанышкансың?

— Бир факультетте окучубуз. Аскерден келип тааныштым, а так экөөбүз теңбиз. Мен 2-курс, ал 3-курста экенде таанышып, адамгерчилигин жактырып, болочок жарым экенин билдим.

— Сулуу кыздарды көргөндө эмне кыласың?

— «Атаңгөрү, ушундай кыргыздын сулуу кыздары көп болсо экен» деп суктанам. Албетте,бирөө үчүн басканы сулуу, кээ бирөөнүн күлгөнү, кайгырганы, кылчайганы, ырдаганы ж.б. сулуулук чексиз. Сулуу эмес аялзаты жок. А мен үчүн аялзаадалык (женственность — авт.) баарынан сулуу.

— «Каныбек мырза, сиз менен таанышсам болобу?» деп кыздар кайрылганбы?

— Ооу, андайлар азыр деле болот.

— Казан-аяк кагышпай койбойт, кызуу кандуулукка алдырып келинчегиңе кл көтөргөн учурлар болгонбу?

— Эстүү аял кол көтөрө электе эле түшүнөт, ага жеткизбейт.

— Кызганасыңбы?

— Жаш кезде болгон, убакыттын өтүшү менен бала-бакыра, неберелер турганда бул маселе жай турмушта орун албай калган.

— «Ала жипти» аттагансыңбы?

— Ооба десем уят, жок десем ишенбейсиз. Илгери кимдир бирөөгө ушинтип суроо берсе «алабы же чалабы, айтор, жаштык-мастык кезде чала-була аттагандай болгом» деп жооп айткан экен.

— Мончонун буусун жактырасыңбы?

— Шыпыргы менен чабынбайм, бассейнде көпкө сууда сүзүп жүрө берем.

— Спорттун кайсы түрү менен шугулданасың?

— Кышкысын лыжа тебем, жыйырма жыл мурун баштагам, азыркыга чейин тебем. Жайкысын сууда сүзөм. Жумасына үч ирет бассейнге барам.

— Элүүдөгү эркек жаш кызды сүйүп калса кантет, сен эмне кылмаксың?

— Биз эми жалындуу жаштык доордон өтүп кеттик окшойт. Бу жерден эч бир опурталдуу нерсе көрбөй эле турам. Однозначно артынан ээрчип кетпейм. Ошончолук эле болсо, кыз таарынбасын деп ыр арнап жазып коймокмун.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

БУЛАК: Азиянюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу