Кантип бизнести коркпой башташ керек?

Сиз кесипкөй болгуңуз келеби? Кесипти эмнеден, кандай башташ керек деп ойлойсуз?

Сиздин алгачкы миллионуңузду табууга жардам берет деген ишеним менен бизнес идеяны тандоодо эскертүүчү эрежелерди сунуштайбыз.

Өз тажрыйбаңызга таяныңыз!

Бизнес идеяны тандаган маалда сиздин ийкемдүүлүгүңүз маанилүү ролду аткарат. Тактап айтканда, өзүңүз билген, түшүнгөн кесиптин «ашканасы» сизге бөтөн болбойт. Бирок идеяңыз чындыкка жакын болсун. Кесип тандаймын деп китеп менен Интернетти чукулай берүү ар дайым жакшы натыйжа бере бербейт. Ошол себептен өз жөндөмүңүздү байкап, тажрыйбалыгыңызга маани бериңиз.

Статистикалык маалыматка таянсак, кесипкөйлөрдүн көпчүлүгү өз ишин бизнеске айландыргандар.

 

Тоскоолдуктарды аныктаңыздар

Мыкты кесипкөй тоскоолдуктан качпайт. Тескерисинче аны чечүүнүн жолун караштырат. Кесипке келгенден мурун, өз идеяңызда кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн экенине көз жеткириңиз. Атаандаштардын тажрыйбасынан сабак алуу да ашыкча болбойт. Өзүңүзгө белгилүү бир убакыт коюп майда-чүйдө тоскоолдуктардын чечимин таап, айла амалдарын караштырыңыз. Даярсызбы же кыйынчылык келгенде бирөөгө арта саласызбы?

 

Жетекчи катары ойлонуңуз!

Тоскоолдук менен күрөшүү деген чыгат, сиз эми бирөөгө кызмат кылбайсыз. Өз кесибиңиз сиздин жүзүңүз сыяктуу. Ошондуктан болушунча тура калыптандырууга тырышуу керек. Бизнес идеяны тандаган кезде жакшылап изденип, ар дайым жаңычылдыкка умтулуңуз. Ишкерлик тууралуу сабактарга барып туруңуз. Балким ал сиздин кесибиңиз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, адамдар менен баарлашуу аркылуу тааныштардын санын артырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Туура «көчүрүңүз»!

Сиз эми гана кесибиңизди тандап жатсаңыз, чет элдик пайдалуу идеяларды да карап көрсөңүз болот. Өзүңүз жашаган шаар менен Батыштын жана Азиянын базарын караштыруу ашыкча болбойт. Алардын өзгөчөлүтөрүн өз пайдаңызга колдоно билиңиз.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу