Казак ырчысы Төрегали Торайли бөбөктүн оозуна түкүрдү…

Казакстандын белгилүү ырчысы Төрегали Торайли сахнада ырдап бүткөндөн кийин аны куттуктап, гүл алып келген кичинекей балдардын биринин оозуна түкүрдү.

Бул тууралуу Төрегали Торайли өзүнүн инстаграм баракчасына видеосун жүктөдү.

Негизи Төрегали Торайли кайсыл жерге барбасын аны менен кошо сүрөткө түшкөндөр да, андан ырымдап бир нерсе сурагандар да, ал эми кичинекейлер минтип оозуна түкүрүүнү сурагандар да чыгат.

Видеодо Төрегали кичинекей баланын оозуна түкүрбөйм десе болбогондуктан, анын жанына тизелеп отуруп, бөбөккө көз айнек тагып туруп түкүргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми аны көргөн залда отургандар ырчыга ыраазы болуп кол чабышкан.

Эскерте кетсек, белгилүү адамдар жаш баланын оозуна түкүрсө ал да ошондой белгилүү, атактуу болот деген ырым кыргызда, казактарда бар.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу