Казакстан көкпар боюнча Азия чемпионатына чакырды. Кыргызстан катышабы?

Казакстандын Алматы шаарында 16-21-апрель күндөрү ат оюндары боюнча Жаштар арасындагы I Азия чемпионаты өтөт. Анын алкагында көкпар, эр эңиш, тыйын эңмей, жамбы атуу оюндары болот.

Социалдык тармактарга жүктөлгөн видеодо ага Өзбекстан, Тажикстан, Венгрия, Монголия, Россия, Афганистан, Түркия, Малайзия жана Кыргызстан катышары айтылат.

Бирок өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков мелдешке чакыруу кеч берилгендиктен кыргыз көк бөрүчүлөрү катышпай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

«Чемпионатка чакыруу биздин федерацияга 11-март күнү келди. Негизи мындай эл аралык мелдештерге аз дегенде үч ай мурда чакыруу жиберүү шарт. Себеби биз команданы чогултуп эки ай машыгуудан өткөрүшүбүз керек. Ушуга байланыштуу катышуудан баш тартып, кайра жооп жөнөттүк. Эң негизги себеп ушул болду», — деди Аскарбеков.

Мындан сырткары, ал ушул жылдын май айында Кыргызстандын өзүнүн жаштар арасындагы көк бөрү чемпионаты өтөрүн кошумчалап, ошондон кийин гана улуттук команда түзүлөрүн айтты.

БУЛАК: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу