Видео — Илим Карыпбеков, КТРКнын жетекчиси: “Эгерде “Белизгейт” далилденбей калса кызматтан кетем, жоопкерчиликти керт башым менен тартам”

2016-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген жасалма документтерди парламенттен көрсөтүп депутаттарга опурулган эле. Анын бул кагаздарын КТРК күнү-түнү көрсөтүп, каналдын жетекчиси Илим Карыбеков да өзүнчө иликтөө жасаттырып, аны далилдегендей түр көрсөткөн. Дал ошол учурда Илим мырза парламенттин жыйынында депутат Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып “Белизгейт” далилденбей калса кызматтан кетип эле тим болбой жоопкерчиликке да тартылууга даяр экенин билдирген. “Саясий да, моралдык да жоопкерчилик менин мойнумда турат. Белизден келген документтер далилденбей калса жоопкерчиликти керт башым менен тартам, кызматтан кетем”, — деп билдирген. Жакында УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов Белизден эч кандай документ келбегенин айтып, аталган кагаздардын жасалма экенин тастыктап койду. Эми Илим мырза жигиттик кылып кызматтан кетиши керек.

../wp-content/uploads/2018/09/video-1537508390.mp4

Аргумент.kg
Жооп калтыруу