Икрамов менен Строкованын кимиси «прокурор»?

Кечээ Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында, комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов менен аталган комитеттин депутаты Евгения Строкова кайым айтышып, бирин бири “сен эч ким эмессиң, прокурорсуңбу” дегенге дейре жетишти. Орун басар катары ойлорун айгууга ниеттенген Тазакенин кебин, так эле түшүнгөн Строкова: “Икрамов “Өнүгүү” фракциясынан чыгарылган, анын орун басары болуп отурушу өзү мыйзамдуубу деген суроо жаралат. Экинчиден, Икрамов өзүн өтө орой ‘алып жүрөт, кээ бир министрликтерди коргоп жүрөт, ошон үчүн ага модераторлукту берүүгө мүмкүн эмес“, — деп мурдунан бир тийди. Сыягы, буга чейин эле экөөнүн эрөөлү эл билбеген жерлерде жалындап, аягы комитетте какташ майга жетелеп келген өңдөнөт. Болбосо, этегине чыкпаган Икрамовдун “икаяларын” оозунан жулуп алганы бекер эмес го. Строкова калаадагы бир катар билим, саламаттык жайлардын абалына көбүрөөк кайрылып, министрликти кактап жүргөн жайы бар. Андан кем калышпаган Икрамов дагы, Строкованын ким экенин айтып үлгүрдү. “Евгения Строков менен Аида Исмаилова өзүм билемдик кылып, атайын комиссияларды түзүп, кээ бир министрликтерди текшерип, иштөөсүнө жолтоо болуп жатат” — деди Икрамов. Мунун менен ал тиешелүү министрликти коргогонун же Строкованын “прокурорлук” ишин толгогонун “ким билсин” абалда калтырды. “Силер эмне прокурорсуңарбы? -деп ачууланды Икрамов. Сөз аягы ал ар бири-бирине “сен эч ким эмессиң” деген чейин барып, төрайым Молдобекова жана Жанар Акаевдердин “койгула” ишараттары менен барып токтошту. БУЛАК: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу