Икрамдын иши бүттү…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, легендарлуу “шоопур” каймана атты басып жыгылган, бир кездеги серый кардинал Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 10-июндагы тергөөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин З-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Илмиянов алдоо жолу менен 150 миң; доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча шектелүүдө. Азыркы учурда ал жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат. Былтыр Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу