ИИМ: Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында болгон окуянын хронологиясы

Окуя 2019-жылдын 5-июнунда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында айт намаздан соң катталган.

Саат 08:30да. Эртең менен Сокулук РИИБине Орок айылында жаш адамдардын  мушташып жаткандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге Сокулук РИИБнин кызматкерлери барганда жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат тастыкталып, үч жаш өспүрүмдөрдүн арасында мушташ чыккандыгы аныкталган. Ооз эки айтышуу мушташка айланып, анын кесепетинен 2013-жылы туулган эки жаш өспүрүм денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. Өспүрүмдөрдүн мушташуу учурунда ушул эле айылда жашаган башка бала аларды бөлүштүрөм деп денесинен жаракаттарды алгандыгын белгилеп кетүү керек. Андан соң, алар Бишкек шаарындагы аймактык ооруканалардын бирине жаткырылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып,  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (Бейбаштык) сотко чейинки өндүрүш башталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Сокулук РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тергөө  тапшырмалары берилди.

Болжол менен саат 12:00 чамасында аталган факты милиция кызматкерлери тарабынан  бейбаштыкка шектүү катары 23 жаштагы А.К.  жана 15 жаштагы А.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

15:30 сааттарда. Айылдын аймагында жабырлануучу өспүрүмдүн туугандары чогулуп, окуя боюнча нааразычылыктарын билдиришкен. Окуя болгон жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Өкмөттүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү, Сокулук районунун акимиатынын жетекчилери келишип, чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушу учурунда жабырлануучунун туугандарынын бири провокациялык мүнөздөгү иш аракеттерге (терезелерди сындыруу жана башкалар) чакырган. Топтолгон туугандар менен айылдаштардын айрымдары бейбаштыктын айынан үйлөрдүн бириндеги үйүлгөн чөптү өрттөп, болжол менен 12 үйдүн жана короолоруна коюулган автоунаалардын терезелерин талкалап салышкан.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын  натыйжасында 31 бейбаштык кылган жаран кармалып, райондун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катталды.

Ага чейин ички иштер министрлиги Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Азыркы тапта ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик  органдары менен бирдикте күзөттө турушуп, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздашууда. Бүгүн Орок айылында абал туруктуу.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча
Сокулук районунун Орок айылындагы мушташ учурунда денелеринен жаракат
алышкан өспүрүмдөр учурда  балдардын шаардык клиникалык ооруканасында жатышат. Бирөөсү интенсивдүү терапия бөлүмүндө, экинчиси нейрохирургиясында. Алар тиешелүү деңгээлде даарыланышып, доктурлардын көзөмөлүндө болуу менен ден –соолуктары туруктуу.

Азыркы учурда Чүй ОИИББдин жана Сокулук  РИИБнин кызматкерлери тарабынан күзөттөө уланып, ошондой эле, коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалып жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу