Зарылбек Рысалиев тергөөдө кимдерди сатат?  

 

Кечээ жакында Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев  Жалбырак твга берген маегинде Зарылбек Рысалиев баш болгон бир топ  атка минерлер камалат деп ишенимдүү  айтты.

Анткени бүгүнкү күндө камакта жаткан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Сагынбаева жакын арада ким ага Батукаев тууралуу буйрук бергенин айтат деди. Ошондон кийин жакынкы күндөрү Атаханов,  Зарылбек Рысалиев жана башкалар камалып Батукаевдин айланасындагы окуялар ачыка чыгат экен.  Бирок Түлеевдин ою боюнча зарылбек Рысалиев оорулуу болгондуктан түрмөгө жаткысы келбейт. Себеби ал түрмөнү башкарган киши кызылдар жатчу жайды ичинен билет. Ошондуктан ал тергөө менен кызматташтыка барып, эркиндигин сатып алууга баратат. Себеби ден соолугу түрмөгө чыдабайт тургандыгын билет.

Түлеевдин айткандары боюнча өзүн коргоп калгысы келген мурунку атка минерлер Атамбаевди ачык айтып салышат.

Зарылбек Рысалиев Батукаевди чыгарып эле тим болбостон аэрпортко чейин узатып барганын, кыргызга кылган душмандык деп эсептесе болот.  Батукаев кыргыздардын көп баатырларын жок кылган, бир кезде Рыспектин балдары түрмөгө түшүп калганда кулагын кескенге чейин барганын айтып жүрүшөт .  Анан ошондой кылмышкерлер менен мамиле куруп, бир кезде Абдулла Юсуповго дегенге тамагына чейин киргизип, кыздардан бери киргизип бергенин түрмө кызматкерлери ачык айтышкан.

Ошондон улам Рысалиев кыргызга күйбөйбү деп  ойлогондор да жок эмес. Коомчулукта: “ Эмне үчүн Рысалиев  тергөө менен кызматташып эркиндикте жүрүш керек да, башкалар камалыш керек?”- деген пикирлер пайда болууда.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу