Жүрөккө кубат берүүчү азыктар…

Бардык эле балыктардын курамындагы Омега 3 майы жүрөккө абдан пайдалуу. Алардын арасын Лосось балыгы дагы толуктайт.

Грек жаңгагы жана фисташка

Грек жаңгагы жана фисташканын курамындагы майлар, жүрөк үчүн абдан пайдалуу. Аны тандоодо тузу аз болгондоруна көңүл бөлүңүз.

Мөмө-жемиштер

Кара карагат, малина, клубника жана бүлдүркөн жемиштери кан басымды бирдей кармап турганга жардам берет.

Талкан азыктары

Талкан азыктарыны организмдеги холестеринди азайтып жана ток тутканга жардам берет

Жашылча-жемиштер

Шпинат жана брокколи жашылчаларынын курамы кальций жана С витамине бай болгондуктан, жүрөккө дагы абдан пайдалуу азыктарга кирет.

Помидор

Помидордун курамы антиоксиданттарга бай болгондуктан-жүрөккө абдан пайдалуу.

Авакадо

Авакадо кан басымын жөнгө салуучу жана организмдеги холестеринди түшүрүүчү жөндөмдүүлүккө ээ.

Кофе

Күнүнө эки стакан кофе ичүү менен сиз активдүүлүгүңүздү жогорулата аласыз. Кофе дагы жүрөк ооруларын алдын алууга жардам берет.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу