Жээнбеков Аксы окуясынын тарыхый мааниси эмнеде экенин айтты

Президент өз сөзүндө аксылыктардын жалындуу деми, болоттой бекем эрки элдин жүрөгүнөн орун тапканын белгиледи.

Эркиндикти туу туткан элибиз эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестигин далилдеди. Элдин эркиндиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын курман кылууга даяр эл экенибиз дүйнөгө маалым болду. 2002-жылдын 17-мартында болгон окуялардын тарыхый мааниси мына ушунда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматы иш-чара Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында өтүп жатканын билдирди.

Митингде курман болгондордун элесине арналып куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Мамлекет башчысы 17 жыл мурда Аксы эли коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканын белгиледи.

«Бийлик адилеттик үчүн чыккан мекендештерибиздин жолун тороп, өз элине ок атты. Алты адамдын кырчындай өмүрү кыйылды. Көптөгөн адамдар жаракат алышты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумду. Бирок атылган ок элибиздин эркин сындыра алган жок. Тескерисинче, эркиндик үчүн күрөштү күчөтүп, коомду ойготту, элди чыйралтты. Элдик нааразылыктын накта себептери жаап-жашырылып, жалган маалыматтар таратылса да чындык элге жетти», — деди президент.

Ал баса белгилегендей, аксылыктардын жалындуу деми, болоттой бекем эрки элдин жүрөгүнөн орун тапты. Күч-кайрат берди. Адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачты.
«Адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болуп калды. Адам укуктарын коргоого багытталган эң ири элдик акция катары тарыхта калды. Кийинки элдик эки революцияга дем, дух берди», — деди Жээебков.

Аксы окуясы чыккан учурда маркум кесиптешибиз Исмаил Мамытов тогуз жашта экен. Үч жыл мурун алты кишинин өмүрүн алган каргашаны кичинекей аксылык баланын көзү менен жазып берди эле…

Булак:спутник



Сиздин пикир