ЖЭБ чуусу, 25 млн. доллар эмнеге алынган эмес?

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 29-майда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланды. Соттук отурумга жабырлануучу катары Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков катышып жатат. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев жабырлануучу тарап суралып жаткан учурда, Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунун алкагында Каржы министрлиги канча каражат өздөштүргөнүнө кызыкты. Мекеме өкүлдөрү учурда 360 млн. 445 миң доллар өздөштүрүлгөнүн, Кытайдын «Эксимбанкынан» даты 25 млн. доллар ала электерин билдиришти. Мындан улам, Айбек Калиев: «Каржы министрлиги Кытайдан болгону 360 млн. 445 миң доллар алыптыр, анда эмнеге бизди мамлекетке 386 млн. доллар чыгым келтирдиңер деп айыптап жатышат? Демек, бул жакта маалыматты бурмалоо жүрүп жатат» — деп билдирди.

БУЛАК: Фабула



Сиздин пикир