Жылдыз Мусабекова, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Өкмөт отставкасы тууралуу талап дале күчүндө”

– Жылдыз айым, жакында Баткенге барып келгениңизди, жергиликтүү элдин бир топ көйгөйлөрү бар экенин айттыңыз. Эмне көйгөйлөр экен алар?

– Бир жума мурун Баткен жергесинде болуп келдим. Чек арага чектеш жашаган эл менен жолугуштум. Элдин чынында эле бир топ көйгөйлөрү бар экен. Протоколдун негизинде Тажикстан тарапка өтүп кеткен Самаркандектеги 275 сотых жердин тагдыры кандай чечилет, же биротоло берилип кеттиби – элдин негизги көйгөйү да ушул маселе. Анткени, трансформация чечилбеген. Бир үйдө 3-4төн бир туугандар үй-бүлө, бала-бакырасы менен чогуу жашашат экен. Там салып, бөлүнүп чыгып кеткенге жер жок. Жолугушууда элдин бизге койгон талабы дагы «трансформацияны чечип бергиле, жай келди, там салып алалы» дешет. Мындан сырткары, Баткен аймагына, дегеле чек арага чектеш аймактарга өзгөчө макам берүү, жол, суу маселелери да турат. Биз Баткенде жүргөн чакта, 22-май күнү чек арада кайрадан ок атылды. Бул маселени карабасак болбойт. Эки ай мурун Жогорку Кеңеште күн тартибинде чек ара маселесин карап, токтом кабыл алганбыз. Анда май аягында ушул жумуштардын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын укмак болгонбуз. Июнь келип калды, өкмөт иш жасай элек.

– Өкмөттүн отставкасын талап кылып чыккандар болду эле, бирок күзгө чейин калмай болду окшойт…

– Мен эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсүмүн. Бул жумадагы комитет жыйынында Абылгазиев баштаган өкмөттүн ишин толук канааттандырарлык эмес деп таап, орду-түбү менен отставкага кетишин талап кылдык. Ал талап дагы деле күчүндө. Чечимди өзгөрткөн жокпуз. Эмки жумада дагы комитет жыйыны болот. Ошондо дагы көрөбүз.

– Өкмөттүн бошогон министрликтерге талапкерлери купулуңузга толдубу?

– Баары тең өкмөттө айланып эле иштеп жүргөн кадрлар экен, жаңы кадр жок. Ошентсе да ар бирине өзүнчө суроолорду бердик. Экономика министри болуп келген Санжар Муканбетов буга чейин каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп иштептир. Бул мекемеден каттар түшүп жатат. Ал жерде коррупциялык схемалар бар экени, иштеп жаткан кесипкөй адамдарды куугунтуктоо ж.б. боюнча. Жаңы министр бул маселелерди чечип, натыйжалуу иш алып барышы керек, өзүн көрсөтүшү керек.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу